Вторник, 26 ноября

Орусиядагы жапон журналисти бошотулду

0

Жапониянын Киодо агенттигинин журналисти Алыскы Чыгыштан Орусия аскердик потенциалындагы жашыруун маалыматтарды алууга аракет кылган деп айыпталган. Ал 25- декабрда жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан кармалган. Бирок эртеси эле күнү бошотулуп, 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсү керектигин айтышкан.

Ал журналисттик виза менен Орусияга кирген. Киодо агенттиги журналист орус укук коргоочулары тууралуу материал даярдап жатканын кабарлашкан.

Бул окуядан кийин Орусиядан аккредитациядан өткөн Жапония дипломаттарына нааразычылык айтып, нота жиберилген.

“Ал жөнөкөй эле журналисттик ишмердүүлүк менен иш алып барган”- деп эсептейт агенттиктин редакциялык кеңеши.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз