Пятница, 20 сентября

АКШ эми талибандар менен согушабы?

0

Афганистандын Газни провинциясына кулаган самолет АКШныкы болгон. Бул маалыматты Афганистандагы АКШ күчтөрүнүн өкүлү тастыктады. Ал Bombardier E-11 A самолетун талибдер атты деп шектенип жатканын кошумчалаган.

“Азырынча иликтөө иштери жүрүп жатат. Душмандык менен атылганы тактала элек”- деди полковник Сонни Леггетт твиттер баракчасына. Пентагондон (АКШнын Коргонуу министрлигинин штаб-квартирасы) маалымат беришерин айтышты. Ал ошондой эле талибтердин: «жардырылган башка аба учактары бар» дегенин да четке какты.

Буга чейин Газнинин губернатору “Талибанга” тиешелүү самолет Дех-Як районуна кулаганын айткан. Жыйынтыгында бардык экипаж көз жумган. Болжолдуу маалыматтар боюнча бортто 10дой адам болгон.

Алгач бул жарандык лайнер Гератадан Кабулга бара жаткан Ariana Afghan Airlines авиакомпаниясынын лайнери болгон. Бирок улуттук авиаташуучу бул маалыматты четке какты.

Эксперттик чөйрөдө АКШ эми талибандар  менен тиреше баштайбы деген божомолор айтылууда. Себеби, АКШ 3-январга караган түнү Иран генералы Касем Сулейманини Багдаддагы аэропорттон ракета аркылуу өлтүргөн. Иран өч алуу үчүн Американын Ирактагы базасына кол салган. Бардык жагдайга даяр турган Иран учуп бараткан самолетту АКШнын ракетасы экен деп атып алган. Жыйынтыгында ал украиналык учак болгону тастыкталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз