Пятница, 20 сентября

СЫЙЛЫГЫӉАР КУТ БОЛСУН!

0

СЫЙЛЫГЫӉАР КУТ БОЛСУН!

ТҮРКСОЙ уюму 19-февралда Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада жыйын ѳткѳрүп, бир топ маданият, искусство кызматкерлерине сыйлык тапшырды.

ТҮРКСОЙ – 25 медалы менен 6 киши:

1) Жеӊгиз Камил Фырат – Түркиянын Кыргызстандагы элчиси,
2) Себахаттин Балжы – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору,
3) Султан Раев–жазуучу,
4) Акбар Рыскулов – акын,
5) Муратбек Бегалиев – композитор,
6) Эрнис Асаналиев.

ЧыӊгызАйтматов медалы менен 2 киши:

1) Роза Айтматова – окумуштуу,
2) Абдылдажан Акматалиев – окумуштуу.

Жусуп Баласагын медалы менен 5 киши:

1) Рейна Чокоева – бийчи,
2) Жамал Сейдакматова – актриса,
3) Акылбек Абдыкалыков – актёр,
4) Зинакан Пасаңова – жазуучу,
5) Топчугүл Шайдуллаева – акын.

Токтогул Сатылганов медалы менен 5 киши:

1) Тѳлѳгѳн Мамеев – акын,
2 ) Гүлсайра Момунова – акын,
3) Ѳмүрбек Дѳѳлѳев – актёр,
4) Кыялбек Урманбетов – акын,
5) АалыТуткучев – акын.

МуканТѳлебаев медалы менен 4 киши:

1) Исрадин Аманбаев – композитор,
2)Сайра Момунбаева –ырчы,
3) Элнур Самарбекова –ырчы,
4) Гүлнара Ѳмүрзакова – ырчы.

ХалдунТанер медалы менен 3 киши:

1) Күмѳндѳр Абылов – актёр,
2)Шаршен Шейшенов –театр директору,
3) Нурлан Асанбеков –режисёр.

Пенах Вагир медалы менен 2 киши:

1) Калчоро Кѳкүлов,
2) Абдыжапар Эгембердиевдер сыйланышты.

Кыргызстан УлуттукЖазуучулар Союзу менен маркум Султан Жумагуловдун үй-бүлѳсүнѳ Чыӊгыз Айтматов альбому жана плакеталар тапшырылды. Ошондой эле «Акак» комузчулар ансамбли, пианистка – Юлия Бабич, Юристанбек Шыгаев, Асан Турсункулов баш болгон бир топ сүрѳтчүлѳргѳ плакеттер тапшырылды. Кеченин жүрүшүндѳ казак акыны Магжан Жумабаевдин «Менин жашоом жана ѳлүмүм» деп аталган китебинин бет ачары болду.
Сыйлыгыӊыздар кут болсун, урматтуу маданият жана искусство кызматкерлери!

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз