Четверг, 2 мая

Прокуратура 2018-жылы бюджеттен уурдалган 1 млрд. сомго жакын акчаны кайтарган

0

Прокуратура 2018-жылы бюджеттен уурдалган 1 млрд. сомго жакын акчаны кайтарган
Өлкөбүздүн прокуратура органдары өткөн жылы коррупцияга каршы күрөшүү жана тиешелүү органдардын прокурордук тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө багытында жүргүзүлгөн иштин натыйжасында мамлекеттик казынага 947 млн. 635 миң сом кайтарылган. Аталган сумманын 313 млн. 784 миң сомдон ашыгы накталай акча түрүндө кайтарылып, укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсебине которулган, ал эми калган 633 млн. 850 миң сом товар түрүндө төлөнгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Мисалы, бир гана коррупция беренеси боюнча козголгон иштер боюнча 97 млн. 233 миң 235 сом кайтарылган. Бул мыйзам бузуулардын көпчүлүгү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө жана коррупцияга каршы күрөшүүдө мыйзамдуулуктун бузулушуна байланыштуу.
Ал эми 844 млн. 382 миң сом жер мыйзамдарын аткаруу, мамлекеттик жана муниципиальдык менчик тууралуу мыйзамдарды аткаруу, ошондой эле жарандардын социалдык укуктары тууралуу мыйзамдарды аткаруу боюнча прокурордук текшерүүнүн натыйжасында кайтарылган.
Мындан тышкары өткөн жылы жеке жана юридикалык тараптарга мыйзамсыз берилип кеткен 188 гектар жер тилкелери да мамлекеттин карамагына кайтарылган.
Мисалы, Талас облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, баасы 57 млн. сомдон ашык, аянты 2306 м2 толук курулуп бүтө элек көп батирлүү үй мамлекетке кайтарылган жана андан ары Талас шаардык мэриясынын Муниципиалдык менчик башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле 2018-жылы жалпы баасы 112 млн. сомдон ашык 8 билим берүү имараты, 2 жер участогу кайтарылган, анын 4сү бала бакча, медициналык коллеж жана мектеп болуп саналат.
Мисалы, Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондуна мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен №52 бала бакчанын имаратын мамлекеттин карамагына кайтарып алуу боюнча билдирме жөнөтүлгөн. Прокурордук кийлигишүүнүн натыйжасында баасы 54 млн. 519 миң сом турган бул бала бакча мамлекеттик менчикке кайтарылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз