Пятница, 20 сентября

Коронавирус Кыргызстанга келип калса кантип сактануу керек?

0

Учурда элди дүрбөлөңгө салып, 106 адамдын өмүрүн алган(акыркы маалымат боюнча) коронавирус кырктын тегерегиндеги вирустардын топтолушу. Окумуштуулар бул вируска 2019n-CoV деген ат коюшту. Алар өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат. Алгач жарганаттан жыланга жуккан. Андан соң адамга жугуп, учурда миңдеген жарандар жабыркоодо.

Бул оору  1965-жылы алгачкы жолу катталып ринит (мурундун былжыр катмарынын сезгениши) оорусу менен жабыркаган адамда байкалган. Бирок азыркы учурда жүрүп жаткан вирус коронавирустун жаңы түрү.

Оорунун алгачкы белгилерине жөтөлүү, тамак оору, баш айлануу жана температуранын көтөрүлүшү кирет. Ал адамдын денесине кирип, кеңири жайылып, ичеги-карындын оорушуна алып келет. Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт дагы адамдын иммунитетин түшүрүп, дем алууну кыйындатат.

Бул оору адамдан адамга жугат. Азырынча вируска каршы вакцина табыла элек. Бирок окумуштуулар дарынын үстүнөн иштеп жатышат.

Оорунун борбору Кытайдын Ухань шаары. Ал 2019-жылдын декабрь айында башталган. Учурда бир нече мамлекеттерге жайылып жатат.

Коронавируска кабылбыш үчүн эмне кылыш керек?

  • Чет мамлекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу;
  • Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо;
  • Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак-аштарды колдонуп, бөтөлкөдөгү суулардан ичүү керек;
  • Зоопаркка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо;
  • Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы, медициналык бет кап);
  • Эл көп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жуу;Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.Азыркы мезгилде аталган вирус Кыргызстанда каттала элек экендигин КР Саламаттыкты сактоо министрлиги айтты. Кытайдын өзүндө карантин жарыяланса, Кыргызстан Кытай менен каттамдарын токтотту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз