Пятница, 20 сентября

Катардын премьер-министри отставкага кетти

0

Катардын премьер-министри Абдулла бин Нассер бин Халифа аль-Тани отставкага кетти. Бул тууралуу Катар агенттигинин бири билдирди.

Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани премьердин отставкасын кабыл алып, анын ордуна Халида бин Абдульазаз аль-Танини дайындады.

Анын эмне себептен кеткени белгисиз.

2017-жылдын 5-июнунда Бахрейн, БАЭ, Сауд Аравия, Египет, Йемен, Ливиянын убактылуу өкмөтү, Мальдива Республикасы жана Маврикий Республикасы Доха менен дипломатиялык  мамилесин үзгөнүн жарыялаган. Алар бул ишин Доханын кас саясатындагы терорризмди жана экстремисттик идеологияны колдоо деп түшүндүрүшкөн.

Кийинчерек Мавритания, Комор аралы кошулган, Иордания менен Жибути болсо дипломатиялык деңгээлин азайтты.

Катар менен дипломатиялык мамилесин үзгөн Сауд Аравиясы, БАЭ, Египет жана Бахрейн Дохага 13 талаптан турган тизме жиберген. Алар санкцияны жокко чыгаруу үчүн тизмени 10 күндүн ичинде аткарышы керек.

Кийин бул мөөнөт 48 саатка узартылган. Себеби Катар бул талабын аткарылган жок деп эсептеген. 13-августта Сауд Аравиясы Катар менен болгон мамилесин начарлатууга чектөө койгон. Эр-Рияд Катардагы Сауд Аравиялык жарандардын жана компаниялардын иштөөсүнө талаптары жеңилдеген. Сауд Аравиясы студенттердин өлкөгө кирип,чыгуусуна уруксат берген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз