Пятница, 20 сентября

Укук коргоочу: КМБД кантип иштеп атат?

0

Укук коргоочу Акин Токтолиев жана : “Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кайсы устав менен иштеп жатат”-деп айтышты пресс-конференцияда.

Алардын айтымында, КМБДнын башчысы жана Уламалар кеңеши 2017-жылы 3 жылга шайланышкан. Эми 2020-жылдын апрель айында жаңы шайлоо болушу керек.

“КМБД 2019-жылдын 25-апрелине чейин 2014-жылы кабыл алынган эски устав менен иштеп келе жаткан. 2017-жылы жаңы устав кабыл алынып, бирок Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн эмес. Документтер боюнча жаңы устав 2019-жылдын 25-апрелинде каттоодон өткөн”- деди Аскаралиев.

Жаңы уставга ылайык КМБД башчысы жана Уламалар кеңеши 4 жылга шайланат. “Эгерде 2021-жылы шайлоо болсо муфтий бир жыл мыйзамсыз башчылык кылган болот. Себеби эски устав менен шайланган”- деп кошумчалады.

Мындан тышкары жаңы устав боюнча муфтий 2 билимдин ээси болуш керек. Биринчиси диний болсо, экинчиси светтик болуусу керек. Бирок бул нормалар аткарыблаганын дагы белгиледи.

Алар КМБД бул суроолор боюнча жооп беришин талап кылышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз