Пятница, 20 сентября

Ат-Башыда митинг болду. Эмнеге?

0

Бүгүн, 28-январда Ат-Башы тургундары райондук мамлекеттик администрациясынын алдына митингге чыгышты.

Митингге чыккандарынын себеби, индустриалдык-соода-логистикалык борборду кытайлык ишкерлердин куруусуна каршы. Алар кытайларга жер берилбеши жана аталган борборду Кыргызстандын ишкерлери курушу керектигин талап кылышууда.

«Кытайларга жерди 49 жыл эмес, 49 күн берсе да, алар ал жактан өмүрү чыкпайт. Ошон үчүн биз аларге жер берүүгө каршыбыз! Бизге байлыктын кереги жок!», – дешкен митингдин катышуучулары. Алар мындай акцияны 30-январда дагы уюштура тургандыгын айтышты. Учурда абал тынч, талаптарын айткан соң тарап кетишкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз