Понедельник, 13 мая

Президент Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо иштери менен таанышты

0

Президент Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо иштери менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен жана Жалал-Абад облустарына болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, азыркы этапта 59 559 м3 көлөмүндө жер иштери аяктады, 64 суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары жыйынтыкталды, жаңы көпүрөнүн курулушу 85% аяктады, 5,3 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.
Ислам өнүктүрүү банкы реконструкциялоонун донору болуп саналат. Курулуш иштериндеги техникалык көзөмөлдү «Спектрум Инжиниринг Консалтантс» (Ливан) консультативдик компаниясы ишке ашырууда. Курулуш иштерине 12 даана жол куруу техникалары жана 62 жумушчу тартылган.
Министр Жанат Бейшенов белгиленген мөөнөттө пландаштырылган курулуш иштерин жыйынтыктоо үчүн конкреттүү чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз