Пятница, 20 сентября

Ош облустук ИИМ «бирдиктүү алдын алуу» күнүн өткөрдү

0

2020-жылдын 23-январь күнү Ош облусунун  Алай районунун Коңур-Дөбө айылында, Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айылында, Арван районунун Керме-Тоо айылында, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылында, Ноокат районунун Кулатов айылында,Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылында жана Өзгөн айонунун Төрт-Көл айылында “Бирдиктүү алдын алуу күнү” иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу кече, 28-январда ИИМ кабарлады.

Иш-чаралардын жүрүшүндө түзүлгөн топтор багыттарга бөлүнүп,   ар бир үйгө кирип, жашоочулар менен жолугуп, алардын көйгөйлүү маселелерин, укук бузуулардын жасалышынын себептери жана шарттары болуп саналган терс көрүнүштөрдү   аныктоо боюнча жумуш жүргүзүү менен ар бир өкүл өз багытына тиешелүү болгон мыйзам, укук бузуу учурларга  карата мыйзамдуу аракеттерди жана чараларды көрүү  иш-чараларын  алып барышты жана жаралган маселелер боюнча адистик кеңештер, консультациялар берилди.

Иш-чаранын максаты  жарандардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын  коргоо, укук бузууларга өбөлгө түзүүчү  себептер менен шарттарды аныктоого жана четтетүүгө багытталган социалдык-экономикалык, уюштуруу-башкаруу, маданий-тарбиялоо иш-чараларын уюштурууга багытталды.

Кыргыз Республикасынын  2005-жылдын 25-июндагы  «Кыргыз Республкасындагы укук бузууларды алдын алуу жөнүндөгү» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин 06.01.2017-жылдагы «алдын алуунун бирдиктүү күнү»  буйругунун аткарылышын камсыздоо максатында, “Бирдиктүү алдын алуу күнү” иш-чараларын өткөрүүгө укук коргоо, фискалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо  органдардын, өзгөчө кырдаалдар министрликтин, мамлекеттик каттоо кызматынын, айылдык аймактардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын,  суу чарба, электр тармактары,  фитосанитария жана башка мамлекеттик мекеме ишканалардын жалпысынан 489 милиция кызматкери, 198 жергиликтүү мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө жалпысынан 276 арыз-даттануулар,жана сунуштар түштү. Алардын ичинен ички иштер органдарына тийиштүү — 12, саламаттыкты сактоо мекемесине – 16, социалдык коргоого– 57, коммуналдык кызматтарга – 131, мамлекеттик каттоо кызматына– 26 жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине – 12  башка кызматтарга – 22.

“Бирдиктүү алдын алуу күнү” иш-чараларын жыйынтыктоого райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери катышып, тийиштүү тартипте протоколдор жазылып, аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча протоколдук тапшырмалар мамлекеттик органдарга тиешелүүлүгү боюнча жибериле турган болду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз