Пятница, 20 сентября

Германия министри Кыргызстанда боло турчу экономикалык форумга катышат

0

Кече, 28-январда Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Германиянын экономика жана энергетика Федералдык министри Петер Альтмайер менен маектешүүсү болду. Бул маалыматты тышкы иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын учурдагы маселелерин кыска талкуулашты жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн кеңейишинин маанилүүлүгүн белгилешти.
Ч.Айдарбеков П.Альтмайерди 2020-жылдын экинчи жарымында өтүүсү пландалган ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Герман экономикасынын өкүлдөрүнүн аталган форумга катышуусу эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрү үчүн жаңы шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз