Вторник, 26 ноября

Бишкекте меймандостук индустриясына арналган форум өтөт

0

Бишкекте чет элдик спикерлердин катышуусунда меймандостук индустриясын өнүктүрүү боюнча ири форум өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чара 20-февралга белгиленген. Анда чет элдик спикерлер тажрыйба бөлүшөт. Форумдун биринчи бөлүгү отельерлерге, экинчи бөлүгү рестораторлорго арналат.

Мындан тышкары кошумча үч аянтча каралган;

  • «Бизнес академия» — чет элдик жана алдыңкы бизнес тренерлер сүйлөйт;
  • «Көргөзмө» — бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана тармактардагы алдыңкы өнөктөштөрдүн презентациялары;
  • «Жашыл экономиканы өнүктүрүү» — эксперттерден интерактивдик сессиясы.

Ошондой эле 21-февралда форумдун алкагында VIP сессиянын өтүшү күтүлүүдө. Анда ишкерликти өнүктүрүү боюнча жеке консультациялар каралган. Форумга катышуу акысыз экендиги айтылды. Ал эми сессияга кошумча каражат берилет. 

Уюштуруучулар HoReCa Club ассоциациясы менен Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаменти болуп саналат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз