Пятница, 20 сентября

Чилидеги жамгырдан 1 адам көз жумду

0

Чилинин Президенти Себастьян Пиньера өлкөнүн түндүк тарабындагы Атакама аймагындагы 5 коммунада өзгөчө кырдаал жаралганын айтты.

“Жамгыр дагы жаашы мүмкүн. Ошондуктан атайын чараларды көрүшүбүз керек.”-деди ал телеканалдардын биринде берген маалыматында.

Эске салсак, жамгыр январь айынын ортосунан бери жаап жатат. Дарыялардын ташкынына алып келген. Тилекке каршы 1 адам каза болгон жана дайынсыз жоголгон адамдар бар.

Кырсыктан улам 100дөй турак жай бузулуп, айрым пункттардагы адамдар эвакуацияланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз