Пятница, 20 сентября

Чыңгыз кантип Вашингтондо окуп калган?

0

Окубаган бир бала, окуган эки бала деген сыяктуу бир мезгилде эки кесипти окуган, чоң компанияда иштеген аракетчил Чыңгыздын ийгиликтери тууралуу окуңуз.

Чыңгыз 1996-жылы Бишкек шаарында туулган. Бала кезинен бери электроника жана компьютерлерге аябай кызыккандыктан 5 жашында жөнөкөй эле оюнчук машинадан апасына желдеткич жасап берген. Мектепте окуп жүргөндө мектепте өткөн “Жаш механик”, “Робототехника” проектилерге катышып турчу. Ошону менен катар эле англис, түрк жана немис тилдерин окуган.

2014-жылы Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексин ийгиликтүү аяктап жана ЖРТдан жогорку балл алып, Стамбул шаарындагы «Bahcesehir» университетинин инженерия факультетинин электроника бөлүмүнө тапшырат. Себеби кичинесинен башка өлкөдө окуу максаты болгон.  «Bahcesehir» университетинде ийгиликтүү студенттерге эки кесиптин ээси болууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан, экинчи курстан баштап программалоо бөлүмүнө да тапшырып, эки тармакта окуп баштаган. Жакшы окугандыктан алгач 50 пайыздык жеңилдетүү болсо, аз убакыттын ичинде бюджеттик түргө өткөн.

2016-жылы жайында Американын Вирджиния штатына «Ворк энд Тревел» программасы менен барып келген. 2017-жылы жазында Гонконгго студенттик алмашуу програмасы боюнча «Hong Kong Polytechnic University» университетинде электроника жана IT технология бөлүмүндө 6 ай билим алган. 2018-жылы инженерия боюнча дипломго ээ болсо, 2019 жылы программалоо боюнча окуусун артыкчылык менен аяктады.

Окууну аяктагандан кийин Стамбул шаарында «FXCubic Information Technologies and Services» компаниясында иштеп баштаган. Андан ары адистигин Америкада жогорулатуу максатында магистратурга бир нече университеттерге тапшырган. Андан соң Американын борбор калаасындагы «Bay Atlantic University» жогорку окуу  жайынын «Cyber Security» бөлүмүнө кабыл алынып, учурда Вашингтон шаарында ушул университетте окуумду улантып жатат.

Максат кое билген жана аны ишке ашырууга болгон аракетин кылган мекендешибиз жаштар бош убактыларын китеп окуу, алдыга аракет кылуу менен өткөрүп, бир орунда турбаш керектигин айтты. Ал ийгиликке жетүү үчүн төмөнкү эрежелерди сунуштайт:

  1. Өзүн өнүктүрүү. Күнүгө бир ишти өз алдынча бүтүрүү керек.
  2. Өзүн тартипке салуу. Жыйынтыкка жетүү үчүн бир нерсени кылууга өзүңдү мажбурла.
  3. Ар бир ишти жыйынтыгына чейин жаса. Бир ишти баштасаң аягына чейин чыгар. Бүтпөгөн иш өзүңдү баалоону жоготуп, жалкоолукка алып келет.
  4. Өзүңө ишен. Ийгиликтүү инсандарды сын-пикир жана башкалардын ойлору кызыктырбайт. Анын өзүнүн ою, ички туюму бар. Эгерде каалоосун так көрсө башкаларга маани бербейт.
  5. Коммуникабелдүү болуу. Дайыма тил табышууга аракет кыл. Башкалар менен алака түзгөндү үйрөн.
  6. Чыдамкайлык жана аракет. Ар дайым чыдамкайлуулук менен аракет кыл. Бул эки сапатсыз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү кыйынчылыкка карабай кадам таштап, эртеңки жыйынтыкка маани бер.
  7. Бардыгын өз убагында кыл. Иштериңди дароо бүтүргөнгө аракет кыл. Мүмкүнчүлүгүңдү жана максатыңды эртеңкиге калтырба. Кече күнкү кыял бүгүнкү максат, эртеңки чындык!
  8. Физикалык жана психологиялык абал. Максатты көздөй бара жатканда физикалык жана психологиялык абалыңды унутпа. Бул экөө өтө мааанилүү. Физикалык кыймыл ойлонууну жана ден-соолуктун чын болушун шарттайт. Спорт менен машыгып, туура тамактанып жана активдүү жашоо образын түз.
  9. Өзгөрүүлөрдөн коркпо. Жашооңдүн өзгөрүшүнөн коркпо. Дал ошол кадам жашоонду 180 градуска өзгөртүшү мүмкүн. Ар бир өзгөрүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет.
  10. Түшүнүү жана колдоо. Ийгиликтүү адам дагы үй-бүлөсүнүн жана досторунун көңүл буруусун талап кылат. Себеби окууга же иштөөгө үй-бүлөсү дем-күч берет. Ошондуктан өзүңдөгү жаңылыктарды, пландарды айтып, алардын дагы сунуштарын ук.

 

Келечек жаштардын колунда деп бекеринен айтылбаса керек. Чыңгызга окшогон билимдүү жаштарыбыз өлкөбүздү өнүктүрөт деген ишеничтебиз.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз