Пятница, 20 сентября

Кабулда Иран арызына жооп берилди

0

Афганистан Президентинин администрациясынын кеңешчиси Шах Хусейн Муртазави Ирандын Президенти Хасан Руханинин шайлоо боюнча берген арызын сынга алды.

«Иран электрондук шайлоого өтүш керек, жада калса Афганистан ошол системага өткөн”- деген буга чейин Рухани.

“Афганистан 40 жылдан бери согушта жашап келет. Ага карабастан адам укуктарына, ЖМКнын эркиндигине жана демократияга өзгөчө маани берет. Ошол эле учурда Ооганстан сөз эркиндиги боюнча аймактагы алдыңкы позицияны ээлейт. Ар кандай диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн жана Афганистанда эркин иштеген медиалардын биримдиги – башка өлкөлөр үчүн үлгү”-деди Муртазави.

Администрациянын өкүлү Афганистандагы акыркы  шайлоодо оппозиция лидерлеринин партиясы коалициялык өкмөттүн курамына киргенин, Иранда оппозицияны камакка аларын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз