Пятница, 20 сентября

Сириядагы Маарат эн-Нуман шаары талкаланды

0

Башар Асаддын армиясы Орусиянын космостук аба күчтөрүнүн колдоосу менен Маарат эн-Нуман шаарын талкалады. Аталган шаарга 2019-жылдын ноябрь айынан бери уланып келет.

Шаарга түшкөн сокку үйлөрдү жана тарыхый эстеликтерди бузган. Маарат эн-Нуман Идлиб провинциясындагы чоң райондордун бири. Ал 2012-ж оппозиянын көзөмөлүнө өткөн.

Алеппону Идлиб, Хомса, Дамаск, Хама менен бириктирген стратегиялык М5 автотрассасы Мараат эн-Нуман шаары аркылуу өтөт.

Сириялык илимий-өндурүштүк бирикмесинин маалыматында шаардын 300 миңдей тургуну шаарды таштап кеткен.

2018-жылдын 17-сентябрында Сочиде Түркия менен Орусиянын президенттери  Идлибдин делимитацияланган аймагын түзүүнү сүйлөшүшкөн. Бирок Асаддык режим менен Орусиянын террористтик топторунун чабуулдары токтогон жок.

Сириядагы согуш 2011-жылы аскерлердин демонстранттарга (каршы чыккандарга) карата ок атуусунан башталган.

БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын маалыматы боюнча, Сириядагы конфликттин айынан жыл ичинде 6,6 млн адам көчкөнгө туура келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз