Пятница, 20 сентября

Улуу Британия Евробиримдиктен чыгууга даярданууда

0

2020-жылдын 31-январында Улуу Британия Евробиримдиктен кетет. Бул маалыматты чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Алар 1973-жылдын 1-январында аталган биримдикке кирген. Ошондо эле саясий жана экономикалык бийлик Брюсселдеги бюрократиянын колунда топтолгон деген нааразылыгын билдирген.

Улуу Британия Шенген макулдашуусунун курамына кирбесе дагы британдыктардын нааразычылыктары көбөйгөн. Ситуациянын тереңдеп кетишине мигранттардын көбөйүп кетиши жана 2008-жылдагы кризис түрткү болгон.

Саясатчы Найджел Фараж башкарган Улуу Британиядан көз карандысыз болгон антиевропалык Партия өзүнүн тарапташтарынын санын 3,89 млнго чейин жеткире алган.

Европарламенттик шайлоодон жеңишке жеткенден кийин Brexit суроосун койгон. Brexit- Улуу Британиянын Европалык биримдиктен кетүүсү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз