Пятница, 20 сентября

Араб дүйнөсү Палестинаны Трампка сатты

0

Сауд Аравия, Египет, Катар жана БАЭ Трамптын палестина-израиль конфлигин жөнгө салуу боюнча планын колдоду.

Сауд Аравиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, падышалык Палестина боюнча суроолор адилеттүү чечилиши үчүн багытталган бардык аракеттерге колдоо көрсөтөрүн ырастайт жана  Трамптын ишин жогору баалайт.

Ошондой эле, Сауд Аравиясы Америка Кошмо Штаттарынын колдоосу менен израиль жана палестинаны түздөн-түз сүйлөшүүсүнө чакырды.

Египеттин тышкы иштер министрлиги дагы бул демилгени колдорун билдирди.

Катар ЖМКсы Трамптын аракетин туура көрүп, Палестинанын аймагы адилеттүү тынчтыкка келүүсү үчүн күч-аракетин жумшарын жана Чыгыш Иерусалим Палестина мамлекетинин борбору болушун каларын жазып чыкты.

Американын бул ишине БАЭ элчиси Юсеф Аль Отаиба ыраазычылык билдирди. Анын пикиринде тынчтык план эки тараптын сүйлөшүусүнө биринчи кадам.

Ал эми Иордания менен Түркия бул ишке каршы. Анкара бул демилгени “өлүү төрөлгөн” деп эсептеп, палестиналыктар колдобогон планды алар дагы колдоборун билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз