Пятница, 20 сентября

Улуу Британия Евробиримдиктен чыкты

0

Европалык парламент Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна карата добуш берүүнү сунуштаган. Добуштардын негизинде курамдан чыгууга 621 депутат макул болсо, 40 адам каршы, ал эми 13 киши калыс. Бул Брюсселде өткөн пленардык сессияда болду.

Европалык депутаттар британдык коллегаларынан кечирим сурашты. Жакшы сөздөр айтылды. Андан кийин шотландиялык достук тууралуу ырды жалпы ырдашты. Көпчүлүгү көздөрүнө жаш алышты.

Эми, Европалык биримдик тарабынан ратификациялоо процессин  аяктоо үчүн Евробиримдик кеңеши Бириккен падышалыктын 31-январда чыгарын бекитиши керек. Мындан ары  Лондон менен Брюсселдин келечектеги кызматташуусун сүйлөшүүдө өткөөл мезгил башталат. Ал 11 айга созулушу мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз