Пятница, 20 сентября

Кытай дарыгерлери памперс кийип иштеп жатышат

0

Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканын 31 дарыгери чачтарын кыркышты. Ал эми Шань Ся аттуу медайым таптакыр кырып салган. Себеби чач коронавирустун булагы болушу мүмкүн экенин айтат. Анын үстүнө күнунө 300 бейтапты кароодо баш жууганга жана дааратканга барганга убактысы жок экенин кошумчалаган. Алар оорулуулар менен байланышып жаткандыктан памперс менен жүрүп жатышат.

Коомдук транспорттор иштебегендиктен ыктыярчылар дары-дармектерди ташып берип жатышат. Алар дагы күчөтүлгөн тартипте иштегендиктен түндө бир гана маал тамактанып жаткандарын билдиришти.

Дарыгерлер жана ыктыярчылар (волонтерлор) аскерлердей атайын ант беришкен. “Түштөн кийин партия мүчөлөрү үчүн: “Мен эл жана партия үчүн бардыгын курман кылам. Партияны сатпайм”- деп ант бердик”- деди дарыгерлердин бири.

Ооруканага атайын кийимдер, бет каптардын жетишпегенинен улам жөнөкөй эле ак халат менен бет кап кийип жүргөндөрүн айтышты. Дарыгерлер коомдук транспорттун жоктугунан улам жөө барып келип иштешүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз