Пятница, 20 сентября

А. Өмүрбекова Швециянын делегациясы менен жолукту

0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Риксдагдын (парламент) биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швеция Королдугунун парламенттик делегациясы менен жолугушту.

Алтынай Өмүрбекова кыргыз тарап Швеция менен түзүлгөн мамилелердин бардык тармактарындагы кызматташууга өзгөчө маани берет, ал эми бул сапар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу алаканы активдештирүүгө түрткү берерин белгиледи.

Вице-премьер-министр 2020-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоо болорун айтып, швед парламентинин өкүлдөрүн эл аралык байкоочу катары шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүгө катышууга чакырды.

«Биздин республика экономикага швед инвестициясын тартууга кызыкдар жана швед бизнесине көмөк көрсөтүүгө даяр. Кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, швед бизнесинин өкүлдөрүн 2020-жылы июль айында Бишкек шаарында өтө турган «Европа Союзу – Борбор Азия» биринчи экономикалык бизнес-форумуна катышууга чакыргым келет. Бул аянтча бизнес-долбоорлорду деталдуу байкаштырууну жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыш түзүүнү шарттайт.

Алтынай Өмүрбекова Швеция гендердик теңчилик жана балдарды коргоо чөйрөсүндө жакшы жыйынтыкка жетишкенин айтып, Кыргыз Республикасы дагы бул чөйрөлөрдү артыкчылыктуу деп эсептерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасында аялдардын саясий жашоого активдүү катышуу укугун камсыз кылган бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Мыйзам деңгээлинде парламентте бир жыныстын өкүлдөрүнүн 30% милдеттүү квотасын камсыздоо чаралары көрүлгөн. Республикада 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Буга байланыштуу аймактарды өнүктүрүүгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана билим берүүнүн сапатын арттырууга күч жумшалууда. Балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда жана көпчүлүк мамлекеттик пландар балдардын дараметин өнүктүрүү чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашырууга аракеттешет. Мындан тышкары мамлекеттин социалдык саясатын өнүктүрүүдө өлкөнүн улгайган жарандарынын укуктарын коргоо маселеси өзгөчө орунга ээ. Өкмөт тарабынан карылардын муктаждыктарын эске алуу менен улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген», –деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр, гендердик саясат, өлкөнүн социалдык-саясий чөйрөсүнө аялдардын тең катышуусу, ошондой эле улгайгандардын укуктарын коргоо маселелериндеги Швециянын топтогон оңдуу тажрыйбасын эске алып, тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде делегация башчысы, Швеция парламентинин биринчи вице-спикери Аса Линдестам жолугушуу үчүн Алтынай Өмүрбековага ыраазычылык билдирип, парламенттик делегациянын Кыргыз Республикасына келишинин негизги максаты кыргыз-швед мамилелерин бекемдөө экендигин белгиледи.

Швед тарап экономика, социалдык өнүктүрүү, гендердик теңдик, балдарды коргоо жана башка кыргыз жакты кызыктырган тармактарда реформа жүргүзүү тажрыбайсы менен бөлүшүүгө даярдык билдирди.

Тараптар мадания, инновациялык технологиялар чөйрөлөрүндө, мыйзам чыгаруу органдарында аялдардын катышуусу, жаштар парламентин өнүктүрүү, жаш үй-бүлөлөр, билим берүү жана мыйзам чыгарууну жакшыртуу маселелери боюнча кызматташууну талкуулашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз