Пятница, 20 сентября

Түркияда антитеррористтик операция башталды

0

Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы Ширнак провинциясында антитеррористтик операция башталды.

Түркиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Папан-5 («Капкан») операциясына полициянын 780 кызматкерлери жана жандармерия (аскердик уюм) тартылган.

Операциянын максаты Ширнак облусундагы РКК террористтерине коркунучту толук жоюу.Операцияга Чаканирсегюта бригадасынын командачысы жана жандармерия Сиирттин регионалдык башкармалыгы жетекчилик кылат.

Алгачкы террористтер өздөрүн 1984-жылы ачыкташкан. АКШ жана Евробиримдик террористтик уюм деп тааныган. Кийинки жылдары кандуу теракттарды уюштуруп турушкан.Бул террористтик уюм Түркиянын мамлекеттик түзүлүшүнө жана жарандарга куралдуу чабуул жүргүзүп турат.

Анкаранын ситуацияны жөнгө салууга аракет кылганына карабай 2015-жылдын июнь айында куралдуу кол салуусун уланта берген. Ошол убакыттан бери 500 жөнөкөй жашоочу жана 800 коргонуу күчтөрүнүн кызматкерлери каза болгон.Коргонуу күчтөрүнүн операцияларынын жыйынтыгында камалгандардын жана каза болгондордун саны 10000ге жеткен.

Сириядагы террористтер өздөрүн PYD жана YPG атап келишкен. Акыркы эки жылдан бери Сирия демократиялык күч деп тааныштырышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз