Пятница, 20 сентября

Орусия коронавируска каршы кайсы дарыларды сунуштады?

0

Орусия саламаттыкты сактоо министри коронавируска каршы дарылардын тизмесин чыгарды. Документ жаңы коронавирустук инфекцияны алдын алуу жана дарылоо боюнча убактылуу методикалык сунуштамалардын алкагында жарыяланды.

Алар төмөнкү дарылар:

  1. Рибавирин
  2. Лопинавир/ритонавир
  3. Рекомбинантный интерферон бета-1b

Тизмеде препараттардын колдонуу механизми, чыгаруунун формалары жана дайындоонун схемалары сүрөттөлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча коронавирусту дарылоочу этио троптук терапия сунуштала элек.

Аталган дарылар инфекцияга каршы күрөшөт. Чоңдорго рибавирин сунушталат. Эгерде этияттык менен колдонбосо тескери таасирин берет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз