Пятница, 20 сентября

Кыргыздар казактарды утту

0

29-январь күнү Казакстандын футзал боюнча чемпионаты болуп өткөн. Анда  Кыргызстандан барган курама команда  «Актөбө» командасын 5:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан билдиришти.

Бул мелдеште 2001-2002-жылы туулган футболчуларга кароо өткөрүү жана техника-тактикалык учурларды өздөштүрүү негизги максаттардын бири болуп саналат.

Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасын  (U-19) Андрей Пестряков машыктырып, алар 28-январда Казакстандын чемпиондугуна катышуу үчүн Алматы шаарына учуп кетишкен.

Турнир «Кайрат» спорт комплексинде 1-февралга чейин өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз