Вторник, 26 ноября

Багдаддагы митинг өлүм менен коштолуп жатат

0

Багдаддагы каршылык акцияда полицияны көздөй өз алдынча жасалган гранат ыргытылган. Жарылуунун жыйынтыгында коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери жаракат  алды.

Каршылык акция Хыллани аянтынан алыс эмес жерде уюштурулган. Багдаддын ыкчам командасы коопсуздук күчтөрүн каршы чыккандарга жакшы мамиле кылуусуна чакырды.

Ирак өкмөтүнө каршылык акциясы 2019-жылдын 1-октябрынан бери уланып келе жатат. Жергиликтүү жашоочулар жумушсуздук менен коррупцияны жок кылууну талап кылышууда.

Ирактын Президенти Берхем Салих октябрь айынан бери өлкөдө 600 демонстрант өлтүрүлгөнүн мойнуна алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз