Пятница, 20 сентября

Журналисттин унаасын өрттөп кетишти

0

Львов шаарында журналисттин унаасын өрттөп кетишти. Кылмышты аныктоо иштери башталды. Бул тууралуу Украина улуттук полиция башкармалыгынын пресс-катчылыгы билдирди.

“Бүгүн, 30-январда, Галицкий полиция бөлүмүнө журналист кайрылды. Түн ортосунда машина токтотуучу жайда турган унаасын белгисиз адамдар өрттөп кеткенин айтты”- деп айтылат маалыматта.

Полициянын маалыматында, журналист окуяны ишмердүүлугүнө байланыштырып жатат. Учурда журналисттин мүлкүн атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу боюнча иликтөө иштери башталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз