Пятница, 20 сентября

Бакуга Түштүк газ коридоруна катышкан мамлекеттердин өкүлдөрү чогулат

0

Бакуга Түштүк газ коридоруна катышкан мамлекеттердин өкүлдөрү чогулат
Азербайжан газын Европага ташый турган Түштүк Газ коридору долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү эртең Азербайжандын баш калаасы Бакуга чогулушат.
Шахдениз-2 багыты, Түштүк Кавказия түтүк жолу, Транс Анадолу газ кууру жана Транс-Адриатика түтүк жолунан турган долбоорго кирген өлкөлөрдүн министрлери жана жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматкерлери Түштүк Газ коридору кеңешинин 5-министрлер жыйынында долбоордогу акыркы абалды карашат.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев да ачылышына катыша турган жыйынга Европа Биримдиги, АКШ, Грузия, Болгария, Италия, Черногория, Албания, Хорватия, Греция, Сербия, Сан Марино, Румыния, Түркмөнстан, Босния-Герцеговина жана Венгриядан жооптуу кызматкерлер келишет.
Жыйынга Түркиядан энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмездин катышуусу күтүлүүдө.
British Petroleum, Snam, LNG Croatia, Plinacro, İCGB AD, Transgaz жана Fluxys сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү орун ала турган жыйынга Азиянын өнүктүрүү банкы, Европанын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы, Европанын инвестиция банкы жана Дүйнөлүк банктын жооптуу кызматкерлери да катышат.
Жыйналышта Түштүк Газ коридорундагы жерге байланыштуу отчеттор сунушталат жана долбоордун каржылоосу менен коридордун дагы да кеңейтилиши боюнча жагдайлар талкууланмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз