Пятница, 20 сентября

Түркия Гүлен кыймылы менен күрөшүүнү улантат

0

Түркия Гүлен кыймылы менен күрөшүүнү улантат
Гүлендин тарапташтары колдонгон тануу тактикасы бул уюмдун “коргонуу стратегиясынын” бир бөлүгү болуп саналат.
Фетхуллах Гүлендин террордук кыймылынын башчыларына, функционерлерине жана тарапкерлерине карата операциялар улантыла тургандыгын Түркиянын Юстиция министри Абдулхамит Гүл билдирди.
Анын айтуусунда, Фетхуллах Гүлендин террордук кыймылынын тарапкерлери карманган тануу тактикасы бул кылмыштуу уюмдун “коргонуу стратегиясынын” бир бөлүгү болуп саналат.
Бул кыймылдын функционерлери бир сценарий менен аракет кылышарын айтты Юстиция министрлигинин башчысы
Гүлен кыймылынын жактоочулары болуп саналган Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн тобу 2016-жылы 15-июлдан 16на караган түнү өлкөдөгү бийликти куралдуу төңкөрүш жолу менен басып алуу аракетин жасашкан.
Хунтанын мындай аракети өлкө жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле катардагы жарандардын кескин каршылыгы менен ооздукталган. Анда 251 жаран каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз