Пятница, 20 сентября

Туркия Идлиб жашоочуларына 200 үй салып берди

0

Түркиялык укук коргоо жана адам эркиндиги фонду жана İHH гуманитардык жардамы Идлибдеги мигранттарга темир бетондон жасалган 200 үй салып берди. Мигранттар Асаддын режими менен Орусиянын космостук аба күчтөрүнүн бомбалоосунан улам кеткенге аргасыз болушкан.

Жардам берүү проектисинин негизинде Түркия чек арасы жакын жерге 26 кв.м аянтка 10000 эки бөлмөлүү үй салуу пландап жатат. İHH өкүлү Селим Тосун үйлөрдүн биринчи тобу Түркиядан 5км алыстыкта жайгашкан Кафр Лусин районундагы Бардаклы айылына курулган.

“Проектти ишке ашыруу тез темпте өтүүдө. Болушунча көп сириялыктарды үйлүү кылууга аракет кылып жатабыз. Проекттин биринчи фазасында сириялык 60000 адам үй менен камсыз болот”- деди Тосун.

Сириядагы согуш 2011-жылдын март айында каршылыкка чыккан демонстранттарга каршы ок атылганда башталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз