Пятница, 20 сентября

Фейсбук коронавирус жөнүндөгү маалыматты текшерет

0

Фейсбук компаниясы коронавирус тууралуу тараган жалган маалыматтарды көзөмөлгө алат.

“Биз аталган ооруу жөнүндө жалган маалыматтарды жазган колдонуучуну өчүрөбүз. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын пикиринде мындай маалыматтарга ишенүү адамдарга коркунуч алып келет” – деген фейсбук жана инстаграм социалдык желелердин ээси.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөр вирус тууралуу туура эмес жаңылыктарды таратпоого чакырган.

Акыркы маалымат боюнча декабрь айынан башталган коронавирустан 213 адам каза болду. 10000ге жакын адам жабыркоодо. Алардын 2000ге жакынынын абалы оор.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз