Пятница, 20 сентября

Палестина Израиль менен болгон келишимин жокко чыгарды

0

Палестина 1993-жылы Осло шаарында Израиль  менен кол коюлган келишимди жокко чыгарды. Бул тууралуу палестиналык ФАТХ кыймылынын борбордук комитетинин мүчөсү жана Палестина жарандык иштер министри Хусейн аш-Шейх Катар телеканалдарынын бирине АКШнын “тынчтык келишимине” комментарий берип жатып айткан.

“Тынчтык планы” жарыялангандан кийин Палестина келишимди жокко чыгарарын Израилге кабарлаганын кошумчалаган аш-Шейх.

Анын маалыматына таянсак, Каирдеги Араб мамлекеттер Лигасынын жыйынына бул маселе боюнча араб өлкөлөрүнүн абалын билүү үчүн мүмкүнчүлүк бере турган кандайдыр бир сыноо болуп калат. Кийинки жумада ФАТХ кыймылы менен Палестинаны бошотуу уюму палестиналык ХАМАС жана “Исламдык жихад” тобу менен Газада жолугат.

Араб мамлекеттер Лигасы Палестинанын суранычы менен тышкы иштер министрлеринин кезексиз жолугушуусун 1-февралда өткөрөт. Алар “тынчтык келишимди” талкуулашат.

Эскерте кетсек, Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору кылууну жана Иорданиянын бир топ аймагын израилдин карамагына өткөрүүнү сунуштаган. Муну менен бирге Израиль менен Палестина биргеликте жакшы жерлерди бирге башкарат. Мына ушул “тынчтык план” деп аталат.

Мындан тышкары, Трамп Чыгыш Иерусалимди палестинанын борбору кылып,  ошол аймакка Америка элчилигин курууну пландап жатат.

Палестина күзөтүлгөн мамлекет болот. Алар аба мейкиндигин жана чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттарын көзөмөлдөй албайт. Палестинанын чыгыш аймагындагы батыш жээги жана газ сектору – туннель менен бириктирилиши керек. Муну менен бирге Трамп палестиналыктардын талаптарына болгон үмүтүн, анын ичинде качкындардын өз жерине кайтуу укугун алып койду.

АКШнын Израилге болгон талаптары: Иорданиянын батыш жээгиндеги мыйзамсыз форпостторду бузуп, адам жашаган аймакка айлантуу, 4 жылга курулуш иштерин токтотуу жана Палестинаны көз карандысыз кылуу.

Экинчи тармагы – экономика. Ал өткөн жылда жарыяланган. Жалпысынан 50 миллиард долларлык 200 проект бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз