Кече, 30-январда Баткен облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алардын маалыматына караганда, жердин силкинүүсү саат 16:34тө болгон.
Ал Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 балл, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.