Пятница, 20 сентября

ИИМ мыктылары аныкталды

0

2019-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча КР ИИМдин коллегиясынын экинчи бөлүгү бүгүн уланууда. Ички иштер министр, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев “Кесиби боюнча мыкты” эсептелген кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

«Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» — Сагынбаев Эрлан Каныбекович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү» -Дуванаев Нурбек Махамаджаббарович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын мыкты ыйгарым өкүлү» — Кудайберген уулу Бектур;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» — Дооранов Болотбек Салайдинович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» — Османов Кибар Байрамович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянынаймактык ыйгарымдуу өкүлү» — Одонов Нурлан Жусупович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча мыкты аймактык инспектору» — Асанбеков Рыскулбек Мусалиевич;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун мыкты ыкчам нөөмөткери»  Сатыбеков Мирланбек Батырбекович;
 «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын мыкты милиционери» — Абдалимов Максатбек Туратбекович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын мыкты кызматкери» — Абдылдаев Тилек Бейшенбекович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери» — Изат Тажибекович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери» — Сыдыгалиев Марат Искендерович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мыкты милиционери» — Рыскелдиев Улан Шаршенбекович;

— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам криминалистикалык борборунун мыкты кызматкери»— Назаров Мусабек Абдубакурович.

Жогоруда айтылган кызматкерлердин баардыгы сыйлык сызмасы, атайын вымпел жана ИИМдин кол сааты менен сыйланышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз