Пятница, 20 сентября

Мыкты ички иштер органдары белгиленди

0

2019-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын экинчи бөлүгү бүгүн уланууда. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча алдыларына койгон тапшырмаларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кылмыштарды эскертүү, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди өнүктүрүү, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүннун сапатын жакшыртуу максатында “Мыкты Ички иштер органдары” сынагы өткөрүлүп келет.
1-орунду ээлегендиги үчүн, Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Өтмө туусу, сыйлык лента, атайын вымпел жана компьютер менен сыйланды.
2-орунду алган Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана ноутбук менен сыйланды;
3-орунга ээлеген Ош облусунун ички иштер башкармалыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана түстүү сыналгы менен сыйланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз