Пятница, 20 сентября

Ким 143 000сом пара алган?

0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы Бишкектеги соода-сатык жайларынын биринен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Б.М. 1800 евро (143 000 сом) пара алууга шектелип кармалганын кабарлады. Окуя 29-январда болгон. 

Алардын айтымында, ММК фондунун директору  чет өлкөгө жумушка орношууда керектелүүчү медициналык документтерди даярдоо үчүн А.А. аттуу жарандан акча талап кылган.

Бүгүн, 31-январда Бишкектеги Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган Б.М. бөгөт чарасы каралат. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз