Пятница, 20 сентября

Автобустар дезинфекцияланууда

0

Сасык тумоо жана башка ооруларды алдын алуу үчүн Бишкек автобустарында профилактикалык иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Кунүгө эртең менен автобус жолго чыгардын алдында жана кайтып келгенде тазалоочу каражаттар (хлор) менен кармагычтар, отургучтар, эшиктер ж.б жууп жатышат.

Айдоочуларга медициналык бет каптар, тазалоочу чүпүрөктөр, керектелүүчү каражаттар берилген.

Акыркы токтоолордо (конечная остановка) автобустардын жана троллейбустардын салондору жогорку деңгээлде желдетилүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз