Пятница, 20 сентября

Индияда эки учак асманда кагылышты

0

Индияда эки учак асманда кагылышты
Карнатака провинциясында оюн-зоок коюш үчүн сыноо учуусун аткарып жаткан эки учактын кагылышуусунан бир киши каза таап, эки киши жаракат алды.
Өлкөнүн маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, Индиянын аба күчтөрүнүн акробатика командасынын сыноосу учурунда эки учак асманда кагылыша кеткен.
Полиция кызматы учактардын кагылышуусунун себебинен бир учкуч набыт болгонун белгилеп, эки учкучтун парашют менен секирип, жаракат алгандыгын билдирди.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Бенгалуру шаарында ушул айдын башында окуу-машыгуу үчүн учкан самоёттун кулашынан да эки учкуч каза тапкан болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз