Пятница, 20 сентября

Мектепте окуучу калбай калды

0

Хабаровск шаарындагы бардык мектептерде окуучуларды көчүрүп жатышат. Себеби нерв системаларын шал кылуучу газ тараган деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу ТАСС маалымат сайтына шаардык администрация кабарлаган.

“Алгач 2 мектеп эвакуация болгон. Дагы 3 мектепке газ берилген деген маалыматтан кийин бардык мектептерди көчүрүү чечимин кабыл алдык”- деди администрациядан.

Мындан тышкары Благовещенска аймагындагы бир мектепке мина коюлгандыгы тууралуу маалыматтан соң эвакуация иштерин башташкан.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айынан бери Хабаровск, Приморья, Амур облустарындагы билим берүү мекемелерине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалыматтар келген. Бирок алардын бардыгы жалган маалымат болуп чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз