Пятница, 20 сентября

Трамптын «тынчтык келишими» талкууланууда

0

Бүгүн, 3-февралда, Ислам Кызматташтык Уюмунун аткаруу комитетинин кезексиз жыйыны болот. Бул тууралуу “Анадолу” ММКсы билдирди.

Жыйын Палестинанын кайрылуусунун негизинде ишке ашат. Анда АКШ Президенти Дональд Трамптын палестин-израиль мамилесин жөнгө салуучу “тынчтык келишимин” талкулоо болот.

Эскерте кетсек, Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору кылууну жана Иорданиянын бир топ аймагын израилдин карамагына өткөрүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары Трамп Чыгыш Иерусалимди палестинанын борбору кылып,  ошол аймакка Америка элчилигин курууну пландап жатат.

Трамптын пикиринде Палестина күзөтүлгөн мамлекет болот. Алар аба мейкиндигин жана чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттарын көзөмөлдөй албайт.

Палестинанын чыгыш аймагындагы батыш жээги жана газ сектору – туннель менен бириктирилиши керек. Муну менен бирге Трамп палестиналыктардын талаптарына болгон үмүтүн, анын ичинде качкындардын өз жерине кайтуу укугун алып койду.

АКШнын Израилге болгон талаптары: Иорданиянын батыш жээгиндеги мыйзамсыз форпостторду бузуп, адам жашаган аймакка айлантуу, 4 жылга курулуш иштерин токтотуу жана Палестинаны көз карандысыз кылуу.

Экинчи тармагы – экономика. Ал өткөн жылда жарыяланган. Жалпысынан 50 миллиард долларлык 200 проект бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз