Пятница, 20 сентября

Коронавирус тууралуу жаңы ачылыштар

0

Италиянын Саламаттыкты сактоо министри Роберто Сперанца 361 адамдын өмүрүн алган коронавирустун жаңы түрүн бөлүп алышканын пресс-конференцияда билдирди. Бул тууралуу rg.ru жазып чыкты.
“Вирусту бөлүп алуу аны изилдөөгө, текшерүүгө жана жайылуусун токтотууга мүмкүнчүлүк берет”- деп айткан Сперанца.
Италия улуттук инфекция институту коронавирус (2019-nCoV) менен күрөшүүгө даяр экендигин кабарлады. “Бул эл аралык бирикмелерге жиберилет. Диагностикалык тесттерди өткөрүүгө жана вакцинасын табууга жардам берет”- деди аталган институттун директору Жузеппе Ипполито.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз