Пятница, 20 сентября

4 түрк аскери каза болду

0

Башар Асаддын Идлибдеги күчтөрүнүн артиллериялык ок атуусунан 4 түрк аскер кызматкери каза болсо, 9 аскери жаракат алды. Бул тууралуу Түркия улуттук коргонуу министрлиги “Анадолу” сайтына билдирген.
Маалыматта бир аскердин абалы оор экендиги айтылган.
“Түрк аскерлери кагылышууларды болтурбоо үчүн Сириянын түндүк-батыш тарабына жайгаштырылгандыгын эки тарап тең билген. Бирок ага карабастан артиллериялык сокку болду”- деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Түркия тарап дагы сокку кайтарган. Учурда абалга көзөмөл салынып, керектүү чаралар көрүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз