Пятница, 20 сентября

Кыргыз-өзбек чек арасы сүйлөшүлдү

0

Бүгүн, 3-февралда, Ташкентте «С5+1» форматындагы министрлик жолугушуунун алкагында КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри А.Камилов менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМ басма сөзү кабарлады.

Министрлер кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулады.
Кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр процессине, соода жана экономикалык кызматташтык маселелерине, ошондой эле көп тараптуу аянтчаларда биргелешкен күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурулду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз