Пятница, 20 сентября

Кыргызстан Кувейтке эт экспорттойт

0

Кыргызстан Кувейтке эт экспорттойт

Кыргызстанда чийки этти экспорттоо аракети акыркы жылдары жолго коюла баштады. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден сырткары, Иран жана араб мамлекеттерине да экспорттоо жанданды. Бул жолу кыргызстандык эт өндүрүүчүлөр Кувейтке жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейт мамлекеттеринин эт өндүрүүчү ишканаларынын жетекчилери экинчи жолугушуусун өткөрдү. Аталган жолугушуу кыргыз-кувейт бизнес-форумунун алкагында болду. «Аль Маваши» деп аталган Кувейт мамлекеттик эт өндүрүүчү жана мал союучу компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуунун маңызы эки тараптуу кызматташуунун жаңыча алкагы болду.
Негизинен Кувейтке 30га жакын бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү келип, көп тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Кыргызстандан эт экспорттоо боюнча сүйлөшүү 2015-жылы да болгон. Анда маалымдоо ирээтинде өткөнүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдирди. Ал эми бул жолу – кызматташуунун реалдуу багыттары талкууланды.
Кувейтте этке болгон талап жогору. Андыктан, Кыргызстандан импорт кылууга кызыктар. Бирок кызматташуунун негизги делген 2 маселеси бар. Биринчиси, этти Кувейтке түз экспорттоо. Анткени Кыргызстандан бул мамлекетке түз авиа каттам жок. Экинчи, продукциянын келип, атайын лабораторияда текшерип чыккандан кийин гана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн убакут талап кылынып калат.
“Чындыгында биз, башка мамлекеттерден атайын компаниялар аркылуу пахта, бал жана жашылча жер-жемиштерди импорт кылабыз. Ага Карго же биз үчүн ыңгайлуу болгон учактарды пайдаланабыз”-, деди «Аль Маваши» компаниясынын директору Осама Халед Буудай.
Чүйдөгү “Торо” эт өндүрүүчү компаниясы бир күндө 600гө жакын союш союуга мүмкүнчүлүгү бар. Анын үстүнө алар халал-продукция өндүрөт деген атайын сертификатка алгачкылардан болуп ээ болушкан. Учурда аталган компания Иранга эт экспорттоп жатышат.
Кыргызстанда заманбап мал соючу 10дон ашык ишкана иштеп келет. Мындай жаңы ишканалар менен бардык аймактар камсыз болоору убадаланган. Учурда эт азыктарын экспорттоодо аны кабыл алуучу тарапты Кыргызстанда талапка жооп берген мал союучу жайлар бар экенине ынандыруу аракети жүрүп жатат. Өлкөдө эт менен сүт азыктарын өндүрүү жогорулаганынын себебин малдын саны көбөйүп жатканы менен байланыштырышат. Негизинен бул продукциялар Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттолууда. Ал эми Ирандан сырткары, Араб мамлекеттерине чийки этти жөнөтүү акыркы жылдары ишке аша баштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз