Суббота, 23 ноября

А. Халиков А. Атамбаев менен Т. Сарпашевди сотко берди

0

А. Халиков А. Атамбаев менен Т. Сарпашевди сотко берди
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди жана Мамкаттоонун мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевди сотко берген жарандын арызы артка кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Айдар Халиков аттуу жаран 2019-жылдын 19-февралында колго жазылган арыз менен кайрылган. Анда ал көчүп келгендигине байланыштуу паспорттон «улуту» графасын алып салгандыгын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, ал үчүн экс-президент Атамбаевди жана мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевди сотко берип, моралдык зыянды 6 млн. сомго баалап, өндүрүп берүүнү сураган.
Аламүдүн райондук соту аталган арыз талаптарга ылайык келбей турганын, арызды жазууда анын формасы жана мазмуну сакталбаганын, арызга тийиштүү документтер, доогердин паспортунун көчүрмөсү, ырастоочу далилдер тиркелбегенин билдирген.
Буга байланыштуу сот арызды кайтарып, аталган жагдайлар жоюлгандан кийин кайра кабыл аларын билдирди.
Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майынан тартып бериле баштаган жаңы паспортто жарандын улуту тууралуу маалымат документтин баарына көрүнүп туруучу сырт жагына эмес, ичине тиркелүүчү чипке жазыла баштаган.
«Улут» деген графа чипке жарандын каалоосу боюнча гана толтурулат. Эгер аны жаздыргысы келбесе, бош бойдон калат. Мурдагы паспортто да улуту жарандын каалоосу боюнча гана көрсөтүлчү.
2017-жылдын 1-майынан баштап Кыргызстан электрондук паспортко өткөн. Анда жаран тууралуу 19 маалымат камтылат. Сыртына аты-жөнү, туулган жылы жана күнү, паспорттун жарактуу мөөнөтү деген сыяктуу жалпы маалыматтар чыгарылып, калганы ички чипке камтылган.
Улут графасын паспорттун көрүүнө жеринен алып салууга каршы чыккан бир катар жарандар жана коомдук уюмдар «Улутуңду унутпа!» кыймылына биригип, өкмөттүн бул чечимине каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар сөз болуп жаткан чечимге каршы Конституциялык сотко кайрылып, бирок алардын арызы кабыл алынган эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз