Пятница, 20 сентября

37 жүргүнчү тоңуп калды

0

Казакстанда -20 градус суукта талаада калган 37 жүргүнчү куткарылды. Анда Новосибирск-Шымкент каттамындагы автобус бузулуп калган. Бул тууралуу “Анадолу” CentralAsia га шилтеме кылып жазып чыкты.

Ал 2-февралда орус-казак чек арасынан өткөн. Бирок автобус бузулуп калгандыктан токтоого туура келген. Окуя “Кызылорда — Павлодар” унаа жолунун 203-километринде болгон. Жүргүнчүлөр Өзбекстандыктар экендиги аныкталган.

Кырсык катталган жерге жергиликтүү полиция, куткаруучулар жана жолчулар барышкан. Жүргүнчүлөрдү Шидерти айылына жеткирип, андан кийин Карагандага салып жиберишкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз