Пятница, 20 сентября

Кыргыз прокуратурасы кылмыш иликтөөнү үйрөнөт

0

Түркиянын юстиция министрлиги Бишкекте прокуратура жана мамлекеттик чиновниктер үчүн семинар өтөт. Ал адамдарды сатуу кылмыштарын иликтөө тууралуу болот.
Семинар БУУнун баңги зат жана кылмыштар башкармалыгынын Бишкектеги офиси менен бирге Кыргызстандын генпрокуратурасынын колдоосунда уюштурулуп жатат.
Семинардын программасы 7-февралда аяктайт. Катышуучуларга Түркиянын юстиция министри Салахиттин Доган менен Стамбулдун прокурору Уфук Жан Газезоглу сөз сүйлөдү.
Өз кезегинде БУУнун баңги зат жана кылмыштар башкармалыгынын координатору Елена Родионенко түрк адистеринин келгенине ыраазычылыгын билдирди. Бул семинар Түркиянын эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк экенин билдирди.
Бул семинар кызматташуунун ийгиликтүү өтүп жатканынан кабар берет.
Эске салсак, 2013-жылы 1-октябрда КР Генералдык прокуратурасында Түрк Республикасынын юстиция министрлиги менен кызматташуу Меморандумуна кол коюлган.
Өткөн жылдын 30-сентябрында КР юстиция министри Марат Жаманкулов Түркия Генпрокурору Мехмет Акаржа менен жолугуп, укуктук кызматташуу жана эки өлкө ортосунда тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшкөн. Түркиянын юстиция Академиясынын Кыргызстандын юстиция органынын кызматкерлеринин, прокуратурасынын жана сот органдарынын квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчулүгү бар экендигин маалымдаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз