Пятница, 20 сентября

Бир суткада 65 адам каза болду

0

Кытайдагы коронавирустун жаңы түрүнөн жалпы 491 адам көз жумду. Оору менен күрөшүп жаткандардын саны 24 324тү түзөт.

Бир сутканын ичинде эле 65 адам каза болсо, 3887 жаран аталган вирусту жугузган.

Учурда вирусту жугузуп алгандардын 3219нун абалы оор. Оорулуулар менен байланышкан 186 000ге жакын адам көзөмөлдө турат. Уханда 10 күндүн ичинде  курулган 3 оорукана иштеп жатат.

Коронавирус 40 вирустун бирикмесинен турат. Бул вирус жарганаттан жыланга жуккан, андан соң адамдар жабыркай башташкан. Алгач Кытайдын  Ухань шаарында эле катталса, азыр 27 мамлекетке тарап кеткен. Кытайдын Гонконг автономдуу облусунда 1 адам, Филиппинде 1 адам бул дүйнө менен коштошкон.

Аталган вирус аба тамчылары менен адамдан адамга жугат. Жогорку температура, тамак оору жана жөтөл алгачкы белгилери болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 12-декабрында белгисиз вирус тараганын маалымдашкан. Аны коронавирустун жаңы түрү 2019-nCoV деп аташкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз