Пятница, 20 сентября

Марска желек саюунун маанилүүлүгү канча?

0

АКШнын Президенти Дональд Трамп Конгрессти болгон каражатты Artemis космостук программага жумшоого чакырды. Анын оюнда Америка биринчилерден болуп австронавт айымды айга кондуруп, Марс планетасына өзүнүн желегин сайыш керек. Трамп бул тууралуу шейшемби күнү билдирди.

“Мен Конгресстин Artemis программасын толук түрдө каржылооңорду суранам. Себеби айга конгон жана Марска желегин сайган алгачкы адам америкалык болушу керек”- деп айткан.

Буга чейин NASA ведомствосу айга барууга багытталган америкалык программа Artemis деп аталганын жарыялаган. Ал 3 этаптан турат: учкучу жок Orion кораблынын айды айланып кайра жерге келүүсү (2020-жылга пландалган), экинчиси экипажы бар спутниктин учуусу (2022-жыл), ал эми үчүнчүсү айга кондуруу (2024-ж) жана 2030 жылдары Марска учуруу.

Эсиңиздерге салсак, аэронавтика, космос мейкиндигин иликтөө улуттук башкармалыгынын (NASA) директору Жеймс Брайденстайн айга барууну эртелетүү үчүн бюджеттен 1,6 миллиард доллар сураган.

“Австронавттарды айга учуруу 2028-жылга пландалган, бирок азыр 2024-жылга жылдырып жатабыз” –деген Брайденстайн. Анын себебин программанын ишке ашышын канчалык узакка созсо ошончо техникалык жана саясий тобокелчилик жаралары менен түшүндүргөн.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз