Суббота, 4 мая

Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык байланышынын 25 жылдыгы белгиленди

0

Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык байланышынын 25 жылдыгы белгиленди

Эль-Кувейт шаарында эки мамлекеттин расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандын маданиятына бул өлкөнүн расмий өкүлдөрү, ошондой эле башка мамлекеттердин Кувейттеги 60тай элчиси күбө болушту. Бул салтанатка ал жакта жашап, иштешкен 200дөй кыргызстандык да катышты.
Эль-Кувейт шаарындагы Кыргыз-Кувейт мамлекеттеринин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгы үчүн уюштурулган атайын иш-чарага жоон топ расмий өкүлдөр катышты. Бул – башка өлкөлөрдүн Кыргызстанга болгон урмат-сыйы экени көрүнүп турду. Ал эми жергиликтүү бийликтен Кувейттин Тышкы иштер министринин орун басары да келди. Салтанат Кыргызстандан келген маданий ишмерлердин концерттик программасы менен коштолду.

Дипломатиялык мамилелердин мааракесине күбөө болуу үчүн Кувейттеги 60тан ашык өлкөнүн элчилери келди. Ошондой эле кыргызстандык расмий өкүлдөр жана Кувейтте жашап, иштеген кыргыз жарандары катышты. Конокторго Кыргызстандын азык-түлүктөрүнүн жана улуттук буюмдардын көргөзмөсү сунушталды.

Дипломатиялык мааракесинин алкагында эки өлкөгө байланыштуу маданий иш-чаралар 18-февралдан бери өткөрүлүп жатат. Кувейтке келген кыргызстандык маданий өкүлдөрдү Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жетектеп жүрдү.

Кувейт Кыргызстандын маданият, туризм, айыл-чарба тармагы боюнча кызматташууга кызыктар. Өлкөнүн Кувейттеги элчиси Самаргүл Адамкулованын айтымында, байланыштарды мындан ары да жакшыртуу максатында, эки өлкөнүн ортосунда сөзсүз түрдө авиа каттамды ишке киргизүү аракети көрүлүүдө. Бул – соода-экономикалык карым-катнашты жакшыртмак.

Кувейтте 200дөй кыргызстандык жашап, иштешет. Алар мамлекеттик органдар аркылуу мыйзамдуу келип иштешкендер. Эки өлкөнүн ортосунда жылуу мамиленин өнүгүшү менен ар тармактуу кызматташууну улантуу аракети жолго салынууда. Кыргыз-Кувейт мамилелери 1994-жылдан бери уланып келет. Эки мамлекеттин дипломатиялык байланышынын 25 жылдыгы – Кувейттин улуттук күнүнө карата өткөрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз