Вторник, 21 мая

Мусулман кыздар алдыңкы орунга чыкты

0

Мусулман окуучу кыздар жоолук окуудагы ийгиликтерге тоскоол болбостон, тескерисинче илимге умтулууга стимул болорун байма-бай тастыктап келе жатышат.

Өкмөт  Англиянын Ланкашир шаарындагы орто мектептер арасында жетишкендиктерди аныктоо үчүн мониторинг жүргүзгөн.  Анда мусулман кыздар окуган мектеп алдыңкы орунга чыккан. Бул тууралуу islamnews сайты financial Timesка шилтеме берип жазып чыккан.

Ланкаширдеги Таухидуль- Ислам мектебинде жоолук салынган 120 мусулман кыз окуйт. “Бул мектеп этика сактагандыгы үчүн эле эмес, ынтымактуу, алдыга умтулган кыздар окугандыктан өзгөчөлөнүп турат”-деди аталган мектепти жана жанында жайгашкан окуу жайды башкарган фонддун директору.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз